Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент: Ушул жылдын 1-октябрынан баштап бардык пенсиялар 6800 сомдон кем болбойт

Пенсияларды жогорулатуунун биринчи этабы 2024-жылдын 1-июлунан тарта башталат

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстанда бардык пенсиялар 6800 сомдон кем эмес болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык мобилизациялоо боюнча республикалык кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, пенсияны көтөрүүнүн биринчи этабы 1-июлдан тарта башталат.

«Буга чейин пенсияны жогорулатуу 2024-жылдын 1-октябрынан тарта пландалган. Соцфонддун жетекчилиги менен сүйлөштүм. Пенсияларды көтөрүүнүн биринчи этабын 2024-жылдын 1-июлунан тарта баштоо чечими кабыл алынды. 1-октябрдан баштап Кыргызстанда бардык пенсиялар 6800 сомдон төмөн болбойт», — деди президент.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх