Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек бийлиги унаа көчөлөргө дифференцияланган төлөмдөрдү киргизүүнү көздөөдө

Токтом долбоору БШКнын сайтында жарыяланды

Бишкек бийлиги унаа көчөлөргө дифференцияланган төлөмдөрдү киргизүүнү көздөөдө. Токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешинин сайтына жарыяланды.

Ошентип, борбор калаада транспорт каражатын токтотуу үчүн жыйымдын ставкасын бир унаа токтотуучу жай үчүн эсептелген көрсөткүчтүн 10 пайызы (10 сом) өлчөмүндө бекитүү сунушталууда; Муниципалдык унаа токтоочу жайларда унаа токтотуучу жайдын тарифи бир орун үчүн эсептелген тарифтин (25 сом) 25 пайызын түзөт.

Мэриянын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Бишкек шаарында ага күн сайын кирүүчү чет өлкөлүк унааларды кошпогондо каттоодо турган 683 миң автоунаа бар.
«Борбордо эффективдүү унаа токтотуучу системанын жоктугу унаа тыгындарын, каршы тилкеге чыгып кетүү жана башка бир катар жол эрежелерин бузууларды жаратууда. Унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздигинен айдоочулар унааларын жолдун четине таштап кетишет, бул жолдун ансыз да аз өтүмдүүлүгүн дагы төмөндөтүүдө», — деп айтылат документте.

Долбоор менен Бишкек шаарында муниципалдык унаа токтоочу жайларды түзүү жана пайдалануу боюнча жоболорду бекитүү, ошондой эле унаа токтоочу жайлардын тарифтерин бекитүү ыйгарым укуктарын шаардык мэрияга берүү сунушталууда.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх