Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оштогу СИЗОдон 9 айлык оорулуу баласы бар аял бошотулду.

Дем алуу аппаратындагы наристенин абалы оор

Ош шаарындагы СИЗОдон 9 айлык оорулуу баласы бар эне өлкөдөн эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова социалдык тармактарга билдирди.

Бир күн мурун Жогорку Кеңеште оорулуу баланын СИЗОдо болушу боюнча маселе көтөрүлгөн.

«Балалуу аял Бишкектеги хосписке жеткирилет. Бүгүн парламентте да оорулуу баланы СИЗОдо кармоо маселеси көтөрүлүп, НЦППнын директору мындай аракеттерди өзгөчө адамгерчиликсиз мамиле деп атады», — деп жазган Гүлшайыр Абдирасулова.

 

Эске салсак, буга чейин укук коргоочулар 9 айлык оорулуу баласы менен алдамчылыкка шектелген 31 жаштагы аял Оштогу СИЗОдо камалып жатканын билдиришкен. Ымыркайдын абалы оор, дем алуу аппаратында. Укук коргоочулар Кыргызстандын Акыйкатчысын ымыркайдын абалы жакшырганга чейин бала менен энени ооруканага которууга көмөктөшүүгө чакырган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх