Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаанын милицияцы чет элдик студенттерге тамак-аш алып келди - видео

Тартип сакчылары чет элдиктерге алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жок деп ишендиришти

Ички иштер башкы башкармалыгынын жана Бишкек ШИИББинин кызматкерлери кыргыз эстрада артисттери менен биргеликте борбор калаанын жатаканаларында жана хостелдерде жашаган чет элдик студенттерге барышты.

Чет элдиктерге тамак-аш алынып келинип, колдоо сөздөрү айтылды.

«Укук коргоо кызматкерлери чет элдик студенттерди күнүмдүк жашоого кайтууга үндөдү.Алар учурда шаарда абал туруктуу, алардын өмүрүнө жана ден соолугуна эч кандай коркунуч жок деп ишендиришти», - деп билдиришти ШИИБден.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх