Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусиядагы Кыргызстандан келген эмгек мигранттарынын саны эки эсеге кыскарды

Учурда Кыргызстандын 411 миңден ашуун Кыргызстандын жараны бар

Орусияда Кыргызстандын 411 миңден ашуун жараны эмгек миграциясында жүрөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Орусиядагы мигранттарыбыздын саны дээрлик эки эсеге кыскарган. Буга чейин Орусия Федерациясында 800 миңдей кыргызстандык жүргөн.

Кошумчалай кетсек, Казакстанда 65 миң, Түркияда 60 миң, АКШда 36 миң, Кореяда 14 миңдей Кыргыз Республикасынын жараны бар.

Дарманкул уулу Бакыт КМШ өлкөлөрүндө 135 кыргыз диаспорасы (анын ичинен 124ү Орусияда) бар экенин белгиледи.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх