Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катаал аба ырайы тууралуу эскертүү жарыяланды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга чакырат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катаал аба ырайы тууралуу эскертүү таратты.

Кыргызгидромет билдиргендей, жакынкы сааттарда жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды этият болууга, унааларды бак-дарактардын жана жеңил объектилердин жанына токтотпоого, электр зымдары бар жерлерге жакындабоого, көз айнек тагынууга чакырат. Өзгөчө кырдаалдарда 112 телефонуна чалыңыз.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх