Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көк бөрү Астанада өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кирди

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-14-сентябрда өтөт

Кыргыздын улуттук оюну көк бөрү Казакстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Абдымомунов билдирди.

Анын айтымында, бул маселе президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында чечилген.

Айбек Абдымомунов белгилегендей, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынына Кыргызстандан 280дей катышуучу катышат.

Эске сала кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-14-сентябрда Астанада өтөт.Мелдештер спорттун 20 түрү боюнча өтөт, анын ичинде кыргыздардын алыш, белбоо оюндары да бар.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх