Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каракол шаарындагы 700 миллион сомдон ашык каражатка бааланган “Ак-Тилек” соода-базар комплекси мамлекетке өттү – УКМК

Атайын кызмат базар жетекчилигине кылмыш ишин козгоду

Каракол шаарындагы «Ак-Тилек» кооперативинин каржы-чарбалык ишмердүүлүгүндө өзгөчө ири өлчөмдө көп сандаган мыйзам бузуулар аныкталганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Кылмыш иликтөө иштеринин алкагында «Ак-Тилек» соода-базар комплексинин жетекчилигинин иш бөлмөсүндө жана үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө алардын мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган документалдык материалдар табылган. Жыйынтыгында «Ак-Тилек» кооперативинин жетекчилиги 29 119,6 чарчы метр аянты бар «Ак-Тилек» базарын өз ыктыяры менен Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берди», - деп айтылат билдирүүдө.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх