Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги баш аламандык. Свердлов райондук ИИБнын башчысы жана дагы 9 кызматкер иштен алынды

Жалпысынан 20 милиция кызматкери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды

Бишкектеги баш аламандык жана чет элдик жарандарга кол салуулардан кийин 20 милиция кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бир күн мурун аталган башкармалыкта мекеменин башчысы Улан Ниязбековдун катышуусунда министрликтин коллегиясынын жыйыны өтүп, анда 13-май жана 17-18-май күндөрү Бишкекте болгон окуялар боюнча маселе каралды. Жыйынга Ички иштер министрлигинин, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын, борбор калаанын райондорунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана укук тартибин камсыздоо милдеттерине кирген ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматынын башчысы, милициянын полковниги Жолболду Көчкөнов тааныштырды.

Ички иштер министрлигинин коллегиясынын чечими менен ички иштер башкармалыгынын бир катар жетекчилери жана кызматкерлери тартиптик жазага тартылды.

Ошентип жалпысынан 20 кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Алардын ичинен Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын 10 кызматкери, анын ичинде бөлүмдүн башчысы Жанышбек Абитов ээлеген кызматынан бошотулду. Мындан тышкары, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын 10 кызматкери ар кандай түрдөгү дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды.

13-майда тергөө-ыкчам тобуна кирген кызматкерлерге карата кызматтык иликтөөнүн чечими юридикалык баа берүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Эске сала кетсек, 17-майдан 18-майга караган түнү Бишкекте 13-майда борбор калаадагы жатаканалардын биринде чет элдик жарандар жана жергиликтүү тургундар катышкан массалык мушташтан улам уруксат берилбеген митинг өткөн.

Тополоңдон кийин 40тан ашуун адам медициналык жардам сурап кайрылган.

 

Бишкектеги тополоң боюнча жалпысынан 10дон ашык кылмыш иши козголгон. Чет элдик жарандарга кол салууга шектелгендер кармалган.

Сүрөт: ИИМ

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх