Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин кайсы көчөлөрү оңдоого жабылды - тизме

6 борбордук көчөдө капиталдык оңдоо иштери пландалууда

Борбор калаанын бир катар көчөлөрү оңдоо иштерине жабылды. Бишкек мэриясы оңдоо иштерине байланыштуу кайсы аймактарда унаа кыймылына чектөө коюлганын тизмектеди.

Алсак, Байтик Баатыр көчөлөрү (Токомбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин) жана Ахунбаев көчөсү (Манас проспектисинен Жукеев-Пудовкина көчөсүнө чейин) бир нече этап менен калыбына келтирилет.

Бүгүнкү күндө Ахунбаев көчөсүнүн (Чыңгыз Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейин) жана Байтик Баатыр көчөсүнүн (Токомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейин) бөлүктөрү капиталдык оңдоо иштерине жабылды.

Мындан тышкары, төмөнкү көчөлөр жарым-жартылай тосулган:

Манас айылы Чыңгыз Айтматов проспектисинен Кырман көчөсүнө чейин;
Коңорчок Ахунбаев көчөсүнөн дарыяга чейин;
Матросова Кулатов көчөсүнөн Толстой көчөсүнө чейин;
Кокчетавский көчөсү Щербакова көчөсүнөн Тоголока Молдо көчөсүнө чейин;
Нарвская Профсоюзная көчөсүнөн Бородина көчөсүнө чейин;
Февральская 8-Март көчөсүнөн Коллектив көчөсүнө чейин;
Керамическая Аул көчөсүнөн мечитке чейин;
9-кичирайондогу №3б, 5б турак үйлөрдүн түндүк тарабы Саманчина көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин;
Исанов Ташкент көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин;
Эркиндик бульвары Жибек Жолу проспектисинен Абдумомунов көчөсүнө чейин;
Ахунбаев Шабдан Баатыр көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин.
Мэриянын маалыматына караганда, Чүй проспектисинде да 10-июндан тарта Манас проспектисинен Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин иш башталат. Биринчи этапта Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки аймак оңдолот.

Ошондой эле дагы үч негизги каттамды оңдоо пландалууда. Жакында иштер башталчу көчөлөр:

Горький проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин;
Юнусалиев Сух-Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин;
Жибек Жолу проспектиси Курманжан Датка көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин.
Жол тыгынын болтурбоо үчүн борбор калаанын мэриясы каттамыңызды алдын ала пландап, жеке транспорттун ордуна коомдук транспорт менен жүрүүнү сунуштайт.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх