Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен эки кыздын сөөгү табылды

Жыргалаң суусуна 6 жана 7 жаштагы кыздар агып кеткен

Ысык-Көл облусунда Жыргалаң суусуна агып кеткен эки кыздын сөөгү табылды. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады.

Мурдараак маалымдалгандай, Түп районунун Михайловка айылында 18-майда 6 жаштагы Т.С. жана 7 жаштагы К.М. Жыргалаң суусуна түшүп кетишкен.

Дайынсыз жоголгон балдарды издөө иштери бир нече күн уланган.

25-майда бир кыздын жансыз денеси табылган. Экинчи чөгүп кеткен кыз бүгүн Ысык-Көлдүн жээгинен 500 метр алыстыкта табылды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх