Өлкөнүн түштүгүндөгү тургундарга сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрү эскертилди
Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катаал аба-ырайы тууралуу эскертүү таратты.
Мекемеден билдиришкендей, Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт.
Кыргызгиброметтин маалыматы боюнча, 28-майда күндүз Баткен облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, 29-30-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда сел жүрүшү жана суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Тургундарга арыктарды жана дренаждык каналдарды тазалоо сунушталат.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз