Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чыгыш автобекетинин имараты бузулбайт - мэрия

Ал жерде калкты тейлөө борбору ачылышы мүмкүн

Чыгыш автобекетинин имараты бузулбайт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Имарат жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн муниципалитеттин муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилген.

«Имарат архитектуралык эстелик катары сакталып, шаардын муктаждыктарына пайдаланылат. Айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү жана жашылдандыруу пландалууда. Мурдагы автобекеттин имаратына калкты тейлөө борборун жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү каралып жатат», - деп белгилешти мэриядан.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх