Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Викрам Рузахуновдун кыйноонун иши. Алматы полициясынын башкармасынын мурдагы орун басары кармалды

Буга чейин кылмыш иштин алкагында коопсуздук кызматынын төрт кызматкери кармалган

Казакстанда 2022-жылдын январь айындагы тополоңдо кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновду кыйноо боюнча Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары Берик Абилбеков кармалганын ММКлар Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

«Маалым болгондой, Казакстан Республикасынын Башкы прокуратурасы 2022-жылдын январь айында Алматы облусунун Карасай районундагы Кошмамбет айылындагы атайын тергөө абагында жарандарга карата кыйноолорду колдонуу фактысы боюнча кылмыш ишин териштирип жатат. Козголгон кылмыш ишинин алкагында 28-майда Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары Б. Абилбеков кармалды», — деп айтылат көзөмөл органынын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, буга чейин Рузахуновдун кыйноо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында төрт коопсуздук кызматкери да кармалган.

Викрам Рузахунов менен бирге бул иш боюнча дагы 22 жабырлануучу бар.

Эске салсак, 2022-жылдын январында Казакстанда суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу массалык нааразылык акциялары өткөн.

Бир нече күндөн кийин социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында бир адам Казакстанга Алматыдагы митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айткан видео тараган. Бул үчүн алар ага 200 доллар төлөп берүүнү убада кылышкан имиш. Ал киши бишкектик джазмен Викрам Рузахунов экени аныкталган. Кийинчерээк Кыргызстандагы активисттердин жана журналисттердин талабы менен ал бошотулуп, мекенине жеткирилген.

Викрам Рузахуновдун жана дагы бир кыргызстандык Чолпонбек Сыдыковдун кармалышы жана аларга катаал мамиле боюнча кылмыш иши козголгон.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх