Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда телефондук алдамчылык күчү уланууда

Жабыркагандардын саны күн сайын өсүүдө

Кыргызстанда телефондук алдамчылык күч алууда. Мындай алдамчылык фактылары боюнча милицияга арыздар көбөйүүдө, деп эскертет КР ИИМ.

«Жарандарга өздөрүн туугандарыбыз же укук коргоо органдарынын, саламаттыкты сактоо органдарынын, куткаруу кызматтарынын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, белгисиз адамдардан телефон чалып жатышат. Кырсык болгонун билдиришип, чабармандар аркылуу акча жөнөтүүнү суранышат. Чабармандар аркылуу акча жөнөткөн жарандардын арасында жабырлануучулар көп», - деп эскертти башкармалык.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарды мындай мүнөздөгү чалууларды алууда этият болууну жана туугандарына телефон чалып, өздөрү берген маалыматтарды текшерүүнү сунуштайт.

«Алдамчылардын талаптарын аткарууга шашылбагыла, РИИБге же 102 кыска номуруна чалгыла», - деп эскертет ИИМ.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх