Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айыл чарба министрлиги дыйкандарга пиязды баалар турукташканга чейин кампада сактоону сунуштайт

Коңшу өлкөлөрдө пияздын баасы кескин төмөндөдү

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарга быйылкы пияздын жаңы түшүмүн баалар турукташканга чейин кампаларда сактоону сунуштайт.

Мекеменин басма сөз кызматы акыркы күндөрү ЕАЭБдин айрым өлкөлөрүндө жана коңшу мамлекеттерде пияздын баасы кескин арзандаганын белгиледи.

«Мисалы, коңшу өлкөлөрдө пияздын баасы эң төмөнкү деңгээлде. соода жоктугунан жашылча калкка бекер таратылууда. Себептердин бири бул өлкөлөрдө пияздын нормадан ашыкча өстүрүлүп жатканы продукцияга болгон суроо-талапты төмөндөтүүдө», - деп баса белгиледи Айыл чарба министрлиги.

Министрликтин алдында айыл чарба продукциясынын баасын туруктуу кармап туруу жана дыйкандарга тиешелүү жардам көрсөтүү максатында координациялык кеңеш түзүлдү.

Суроолор боюнча Координациялык кеңешке: 0312 66 25 11, 0312 62 37 22, 0312 62 37 72 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх