Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

1-июндан тарта карызы барлар үчүн газ өчүрүлөт

Газ кызматтары абоненттерди карызды төлөөгө чакырат

«Бишкекгаз», «Чуйгаз», «Ошгаз» жана «Жалалабатгаз» газ кызматтары 1-июндан тарта эки жана андан көп айга төлөм карызы топтолгон абоненттерге жаратылыш газын берүү токтотуларын билдирет.

Кийинчерээк, газ менен камсыздоо системасына кайра кошулуу үчүн абонент төмөнкүлөрдү аткаруусу керек:

  1. Карыздын толук суммасын төлөө. Төлөмдөрдү каалаган ыкма менен, анын ичинде MEGAPAY, “O!Money”, Balance.kg электрондук капчыктары аркылуу жүргүзүүгө болот.
  2. Карызды төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны берип, кошулуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү мекемелерге арыз жазуу.
  3. Кошуу акысын мамлекеттик тейлөө кеңселеринде төлөө.


Ишканалар газ менен камсыздоо системасынын коопсуздугу боюнча талаптардан улам жаратылыш газын берүү үч жумушчу күндүн ичинде калыбына келтирилерин белгилешет.

Айдын биринчи күнүнө карата карыздын / баланстын суммасы жөнүндө маалыматты төмөнкү платформалардан алса болот:

  • Жардам кызматы 4444 (уюлдук телефондон чалуулар акысыз).
  • www.gazprom.kg сайты.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх