Караколдо жаңы парк курулат - эскиздер
Эс алуу зонасы 1 гектардан ашык аянтты ээлейт
Караколдо Кашка-Суу кичи районунда жаңы сейил бакты курууну пландап жатышат. Бул тууралуу министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.
Башкармалыктын облустук бөлүмү жаңы сейил бактын алдын ала долбоорун иштеп чыккан.
Жашыл аймак 1 гектардан ашык аянтты ээлейт. Паркта бардык шарттар түзүлүп, отургучтар, жарыктандыруу жана тосмолор орнотулат.
Сүрөт Мамкурулуштун басма сөз кызматы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз