Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Өлкөдө жумушчу күчү жетишпей жатат." Садыр Жапаров жарандарды жумушка чакырды

"Компаниянын жетекчилери чет элдик жарандарды жумушка алууга аргасыз болууда"

Кыргызстанда катастрофалык түрдө жумушчу күчү жетишсиз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, буга байланыштуу буга чейин иштеп жаткан ишканалар ишмердүүлүгүн токтотуп жатат.

«Бүт өлкө боюнча жумушчу күчү жетишсиз. Акыркы эки жылдан бери жигердүү иштеп жаткан тигүү цехтери, курулуш компаниялары жана башка ишканалар өз ишин токтото башташты. Тейлөө тармагында кадрлардын жетишсиздигине нааразычылыктар түшүп, ишкана жетекчилери чет өлкөдөн келген жумушчуларга квоталарды көбөйтүүнү суранышууда. Ошондуктан мен ушундай билдирүү менен кайрылып жатам», — деп жазды президент.

Ал жумуш таба албаган жарандарды Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине кайрылууга чакырат.

«Алар сизге жумуш сунушташат. Айлык акысы 20 000 сомдон 30 000 сомго чейин (квалификациясына жана ишинин көлөмүнө жараша жогору болушу мүмкүн). Жумушка байланыштуу суроолоруңузга Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин тиешелүү адистери жооп беришет. Иш күндөрү саат 9.00дөн 18.00гө чейин телефон аркылуу маалымат алсаңыз болот (ишемби жана жекшемби дем алыш күндөрү). Байланыш телефону: 1899», - деп Садыр Жапаров кайрылды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх