Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги Москва районунда жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерлерге эскертүүчү белгилер басылды

Жөө жүргүнчүлөрдү наушниктерин чечип, балдардын колунан кармап басууга чакырышат

Жайкы эс алуу маалында балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында Чүй облусунун Москва районундагы жөө адамдар өтүүчү жол белгилеринин жанына эскертүүчү белгилер орнотулду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өткөөлдөрдүн алдында “наушникти чеч”, “балаңызды колунан жетелеңиз” деген тырмакчалар басылды.

 

 

Чүй облусунун ИИБнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясы бардык жол кыймылынын катышуучуларын этият болууга жана жол эрежесин так сактоого чакырат.

Сүрөт Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх