Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Ахунбаев көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

Жолдорду капиталдык оңдоо этап-этабы менен жүргүзүлүүдө

Бүгүн, 31-майда Ахунбаев көчөсүнүн Токтоналиевден Малдыбаевге чейинки бөлүгү жабылат. Токтоналиева көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болорун Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

2-июндан тарта Байтик Баатыр көчөсүнүн Ахунбаевден Медеровго чейинки бөлүгү жабылат. Ахунбаев көчөсүнөн унаа кыймылы үчүн ыңгайлуу болот.

Азыр Байтик Баатыр көчөсүнүн Токомбаевден Ахунбаевге чейинки бөлүгүн жана Ахунбаев көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Токтоналиевге чейинки бөлүгүн капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүн оңдоо иштери этап менен жүргүзүлөт.

Эске сала кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын эки борбордук көчөсүн оңдоо иштерин бүтүрүүнүн алдын ала мөөнөттөрүн жарыялаган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх