Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге учуп кетти
Быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга 6060 ажылык квота бөлгөн
Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу бүгүн түнү Меккеге учуп кетти.
КР КМДБ билдиргендей, 31-майдан 8-июнга чейин Кыргыз Республикасынан 4 миңден ашык зыяратчы Ош-Медина жана Ош-Жидда аба каттамдары менен Меккеге барат.
Каттамдар Бишкектен 6-10-июнь аралыгында учуп, 2042 зыяратчы Медина жана Жидда шаарларына жөнөйт.
Эске сала кетсек, быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга 6060 ажылык квота бөлгөн.
Сүрөт КМДБнын басма сөз кызматы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз