Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Социалдык тармактарда өлкөнүн жогорку бийлик өкүлдөрүнүн үнү бар видеолор таркап жатат

Милиция жарандарды алдамчыларга ишенбөөгө чакырат

Ички иштер министрлиги кыргызстандыктарды социалдык тармактарда өлкөнүн жогорку бийлик өкүлдөрүнүн үнүн колдонгон жасалма видеолорго ишенбөөгө чакырат.

«Социалдык тармактарда ар кандай жасалма инвестициялык компанияларды жарнамалаган фейк видеолор тарап жатат. Видеолордо өлкөнүн жогорку бийлик өкүлдөрүнүн үнү камтылган, алар мүмкүн жасалма интеллекттин жардамы менен түзүлгөн. Урматтуу жарандар, өлкөнүн жогорку бийлик өкүлдөрүнүн үнү бар фейк видеолорго жана үн билдирүүлөргө ишенбегиле. Эгер сиз социалдык түйүндөрүңүздөн өлкөнүн жогорку жетекчилеринин үнү камтылган видеолорду тапсаңыз, аларды башка жакка таратпаңыз», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Башкармалык ошондой эле мыйзамда жалган маалымат тараткандыгы үчүн жоопкерчилик каралганын эскертти.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх