Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Бүгүнкү күндө ал жерде эки чоң көпүрөнүн курулушу аяктап жатат

Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда эки чоң көпүрөнүн курулушу аяктап жатат – Жазы дарыясында 77,25 м жана Кара-Дарыяда 197,45 м.

Жалпы узундугу 13 миң 491 чакырымды түзгөн жолдун калган тилкелеринде курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.

 

 

Министрлер кабинетинин башчысы 300 адам жана 92 техника иштеп жаткан жолдун бардык тилкелериндеги курулуш иштери менен жеринде таанышып, тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.

Андан кийин Акылбек Жапаров Араван районундагы көмүр брикеттерин чыгаруучу заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты.Учурда ишканада 15 адам иштейт. Заводдун кубаттуулугу жылына 130,0 миң тоннаны түзөт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх