Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Кыргызстанда алгачкы ата мекендик паспорттор бериле баштайт

«Жаңы паспорт сапаты боюнча дүйнөдөгү алдыңкы ондукка кирет»

Бүгүн Кыргызстанда ата мекендик өндүрүштөгү паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарга билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Бишкекте алгачкы жарандарга «Учкун» ААКда даярдалган ID-паспорт жана жалпы жарандык паспортту тапшыруу салтанаттуу аземи болот.

Орунбеков белгилегендей, ата мекендик паспортко бир нече коргоо элементтери кошулуп, аны сапаты бир нече эсе жакшырды.

«Эми паспорттун эки түрү тең Кыргызстанда президенттик администрацияга караштуу «Учкун» басмаканасынан берилет. Жалпы жарандык паспортко кошумча коопсуздук элементтери кошулгандыктан, мурдагыдай паспортту бурмалоо мүмкүн эмес. Ал эми паспорттун сапаты дүйнөдөгү алдыңкы ондуктун катарына кирет. Миллиарддаган сомдорду үнөмдөйбүз», - деди ал.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх