Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат 8-мартты иш күнү кылууну сунуштады

Ал эми Курман айтта үч күн эс алууну сунуштайт

Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурбаев 8-мартты иш күнү деп жарыялоону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары жана аймактарды өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү Курман айтта үч күн эс алуу демилгесин да көтөрдү. Ал Кыргызстандын калкынын 90 пайызын мусулмандар түзөрүн белгилеп, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине бул майрамга карата узак дем алыш күндөрүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Эмгек министрлигинин башчысынын орун басары Жыпариса Рыспаева бул сунушту карап чыгууга убада берди.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх