Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сел кооптуулугу бар! ӨКМ шашылыш кабарлады

Министрлик арыктарды, суу өтчү түтүктөрдү, дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан арылтууну эскертти

Бүгүн түштөн кийин жана эртең, 4-июнда, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда, тоо этектериндеги жерлеринде сел жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында ӨКМ шашылыш кабарлады.

"Аба ырайынын бузулушуна жана нөшөрлөгөн жамгырга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт", — деп айтылган анда.

Министрлик селди, суу каптоону алдын алуу үчүн арыктарды, суу өтчү түтүктөрдү, дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан арылтып, тазалап коюуну эскертти.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх