Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Биринчи класска электрондук каттоо. Бишкектеги 15 мектепте эми эле орун жок

Бүгүн мектептерди каттоонун экинчи этабы башталды

Кыргызстанда бүгүн, 3-июндан тарта 1-класска барган балдарды электрондук каттоонун экинчи этабы башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2-этаптын алкагында бүгүн саат 12.30га карата 9628 бала каттоодон өттү. Биринчи этаптын алкагында 8-апрелден 2-июнга чейин 70 016 бала катталган.

Белгиленгендей, борбор калаанын 15 мектебинде бош орундар жок:

  • француз тилин тереңдетип окутуучу №26 мектеп-гимназиясы;
  • А.С. Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназиясы;
  • №62 мектеп-гимназиясы;
  • №37 мектеп-гимназиясы;
  • Ч.Айтматов атындагы №63 мектеп-гимназиясы;
  • Г. Алиев атындагы №20 мектеп-гимназиясы;
  • №100 мектеп;
  • Н. Гянджави атындагы №103 мектеп;
  • А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясы;
  • №70 мектеп-гимназиясы;
  • Т.Сатылганов атындагы №69 мектеп;
  • №29 мектеп-гимназиясы;
  • №33 мектеп-гимназиясы;
  • Р.Шүкүрбеков атындагы №38 мектеп-гимназиясы;
  • англис тилин тереңдетип окутуучу №13 мектеп-гимназиясы.

Экинчи этапта каттоо иш жүзүндө жашаган жери боюнча жүргүзүлөт. Каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ сайты аркылуу жүргүзүлөт.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх