Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Атада 3 жашар кызды кыйнаган өгөй атанын камак мөөнөтү узартылды

Ал 3-июлга чейин СИЗО-1де болот

Үч жашар кызды кыйноого шектелип кармалган Буденовка айылынын тургунунун баш коргоо чарасы узартылды. Мындай чечимди Чүй облусунун Ысык-Ата райондук соту чыгарды.

28 жаштагы М.Р. 3-июлга чейин СИЗО-1де камакта болот. Редакциянын маалыматы сотто тастыкталды.

Эскерте кетсек, апрель айынын аягында Красная-Речка айылынан ооруканага денеси көгөргөн, сыныктары, тиштери, контузиялары жана күйүктөрү менен 3 жаштагы кыз алынып келинген. Ымыркай өгөй атасы тарабынан кордолгон экен. Ал системалуу түрдө кызды сабап, жамгыр астында итканага түнөөгө мажбурлаган. М.Р. аттуу адам кармалып, СИЗОго киргизилген.

Аталган факты боюнча ИИМ тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси «Кыйноо» боюнча кылмыш иши козголгон.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх