Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Тамеки чегүү» рейди. Бишкекте бир катар бар, кафелерге айып пул салынды

Свердлов районунда рейддик иш-чаралар өттү

Бишкектин Свердлов районунда тамеки чегүүгө каршы рейд болгонун борбор калаанын мэриясы билдирди.

«Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки чегүүнү, никотинди колдонуунун кесепеттеринен жана экологиялык тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамга ылайык бузуулар аныкталган көңүл ачуучу мекемелерде рейддер өткөрүлүүдө.

Рейддин жүрүшүндө 10 объект текшерилип, 3 протокол түзүлүп, 7 санитардык корутунду чыгарылган. «Веранда», «Плаза-Восток» жана «Соулист» мекемелерине 150 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

 

Сүрөт мэриянын басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх