Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда туулардын өрттөлүшүнө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы үн катты

Май айынын аягында белгисиз адамдар мектептерге Кыргыз Республикасынын желектеринин ордуна арабча жазуусу бар ак ил тууларды илип кетишкен

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Жалал-Абад облусундагы бул окуя боюнча жооп кайтарды.

«Кудайга шүгүр, өлкөбүздө мечиттер салынып, азан айтылып, намаздар окулуп, медреселер иштеп, дин менен эркин жашап жатабыз. Бул эгемендүү өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшү, динибиздин туура таралышы. Диний жана улуттук баалуулуктарды, эркиндиктин символу болгон желегибизди барктап, элибиздин бүтүндүгүнө, мекенибизде тынчтыкка жана мамлекетибиздин кубаттуулугуна салымыбызды кошолу.

Эгемендүү кыргыз эл экенибизди эч качан унутпайлы. Анткени Кыргызстандын эгемендүү мамлекет экенин далилдеген негизги белгилер бар. Аларга мамлекеттик желек, герб жана гимн кирет. Ушул баалуулуктар менен жашайлы. Өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн биригели, улут-урууга бөлүнбөй, ар кандай чагымчыл аракеттерге азгырылбай, сабырдуу, такыба, күнөөдөн сактаналы!” - деп муфтиятка чакырды.

Эскерте кетсек, май айынын аягында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда белгисиз бирөөлөр №4 Б. Шамшиев жана №88 С.Атабеков атындагы орто мектептердин жанындагы аркаларга орнотулган мамлекеттик тууларды жулуп, өрттөп салышкан. Алардын ордуна арабча жазуусу бар ак тууларды илип коюшкан.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх