Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги 15 маршрутканын каттамы өзгөрдү. Тизме

Бул жолу Чыңгыз Айтматов жана Манас проспектисинен маршруттардын алынганы белгиленди

Мэрия 15 кичи автобустун каттамы өзгөргөнүн билдирди. Бул сапар Чыңгыз Айтматов жана Манас проспектисинен маршруттар алынып, ал коомдук транспорттун ишин жакшыртуу жана борбордук көчөлөрдөгү автокыймылды азайтуу максатында жасалууда.

Тизме:

№101 — Бакаев, Айни, Токтоналиев, Жаманбаев, Малдыбаев, Медеров, Токтоналиев, Айни, Бакаев көчөлөрү менен жүрүп, андан ары бекитилген кыймыл менен кетет;
№104 — Абрахманов, Токомбаев, Жукеев-Пудовкин, Сүйөркулов, Каралаев, Ахунбаев, 7-Апрель көчөлөрү аркылуу каттап, андан ары бекитилген кыймыл менен жүрөт;
№106 — Жунусалиев, Айни, Токтоналиев, Жаманбаев, Малдыбаев көчөлөрү жана андан ары бекитилген каттам менен жүрөт;
№118 — Асаналиев, Толстой көчөсү, Жаш Гвардия бульвары жана андан ары бекитилген каттам менен кетет;
№132 — Киев, Логвиненко, Кулатов, Панфилов, Медеров, Абай, Ахунбаев, Жукеев-Пудовкин көчөлөрү жана андан ары бекитилген маршрут менен каттайт;
№148 — Бакаев, Толстой көчөсү, Жаш Гвардия бульвары жана андан ары бекитилген каттам менен жүрөт;
№188 — Асаналиев көчөсү, Кулиев көчөсү, Москва көчөсү, Тоголок Молдо көчөсү жана андан ары бекитилген каттам менен кетет;
№203 — Асаналиев көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, Киев көчөсү жана андан ары бекитилген маршрут менен жүрөт.
№204 — Бакаев, Айни, Токтоналиев, Жаманбаев, Малдыбаев көчөлөрү жана андан ары бекитилген кыймыл чийме менен каттайт;
№215 — Бакаев, Айни, Токтоналиев, Жаманбаев, Малдыбаев, Ахунбаев көчөлөрү аркылуу жана андан ары бекитилген маршрут менен кетет;
№266 — Садырбаев, Масалиев, Тыналиев, Асаналиев, Москва, Бейшеналиева көчөлөрү жана андан ары бекитилген каттам менен кетет;
№176 — Киев, Турсбеков көчөсү, Жибек Жолу проспекти, Үмөталиев көчөсү жана андан ары бекитилген маршрут менен кетет;
№200 — Асаналиев, Айни, Токтоналиев, Жаманбаев, Малдыбаев көчөлөрү жана андан ары бекитилген каттам менен кетет;
№265 — Садырбаев, Толстой көчөлөрү, Жаш Гвардия бульвары, Токтогул, Бейшеналиева көчөлөрү жана андан ары бекитилген маршрут менен кетет;
№295 — Садырбаев, Толстой көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, Токтогул, Бейшеналиева көчөсү, Токтогул көчөсү жана андан ары бекитилген каттам менен кетет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх