Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмгек министрлиги ишке орноштуруу маселелери боюнча ишеним телефонун ачты

Кыска номерге чалып, эмгек рыногундагы бош орундар тууралуу маалымат алууа болот

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги ишке орноштуруу маселелери боюнча 1899 номерлүү ишеним телефонун ачты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, бул номер аркылуу облус, район же шаар боюнча эмгек рыногундагы бош орундар боюнча кеңеш ала аласыз. Тажрыйбалуу адистер кесиптик билимди кайдан алууга же квалификацияңызды жогорулатууга болорун да айтып беришет.

Маалым болгондой, жарандар көбүнчө айдоочу, тигүүчү, курулуш кесиптери, ашпозчу, бухгалтер болуп иштөөнү каалашат.

Ар бир үчунчү чалуучунун кесиби жок.

 

Сүрөт Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх