Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Юстиция министрлиги: Пробация бөлүмдөрүнүн 17 кардарына электрондук билерик тагылды

Электрондук байкоо Бишкек жана Ош шаарларында пилоттук режимде колдонулууда

Ош шаарынын пробация башкармалыгында электрондук көзөмөл пилоттук режимге киргизилгенин Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомство эскерткендей, электрондук көзөмөлдү киргизүү КР «Пробация жөнүндө» мыйзамында каралган жана пробациянын кардарларына сот тарабынан жүктөлгөн көзөмөлдүн талаптарынын аткарылышын жана электрондук шаймандарды колдонуу пробация милдеттеринин аткарылышын көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Ошентип, Бишкек шаарынын Ленин районундагы пробация бөлүмүндө, ошондой эле Ош шаарынын пробация бөлүмүндө электрондук көзөмөл пилоттук режимде киргизилди. Учурда пробация бөлүмүнүн 17 кардары электрондук билерик тагынышат, мобилдик тиркеме 15 кардардын телефонуна орнотулган.

Мобилдик тиркеме пробация кардарынын телефонуна орнотулган жана кокустук менен белгиленген убакыттан кийин алыстан идентификациялоого мүмкүндүк берет. Мобилдик тиркеме КР Башкы прокуратурасына караштуу «Укук» мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыккан.

Электрондук көзөмөл Пробация бөлүмүнүн мониторинг борбору аркылуу 24 саат бою пробация кардарынын кыймылына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх