Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамкурулуш Бишкектеги Горький-Радищев көчөсүндөгү үйдүн курулушунун мыйзамдуулугун текшерет

Курулуш иштери токтотулду

Мамлекеттик курулуш комитети Бишкектин Горький жана Радищев көчөлөрүнүн кесилишинде «Легенд Девелопмент» ЖЧКсынын үйүнүн курулушун токтотту.

Шаардыктардын кайрылуусунан кийин окуя болгон жерге комиссия барды.

«3-июнь күнү арыз ээлери менен биргеликте жеринде комиссиялык иш-чаранын жүрүшүндө МАККБнын борбордук башкармалыгынын инспекторлоруна уруксат берүүнүн мыйзамдуулугу изилденгенге чейин курулуш-монтаждоо иштерин токтото туруу, ошондой эле казылган чуңкурдун түндүк тарабына таяныч дубалды куруу боюнча иштерди тездетүү боюнча эскертүү берүү тапшырылды», - дешти Мамкурулуштан.

 

Сүрөт Мамкурулуштун басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх