Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жыл башынан бери 60 миңден ашык үй-бүлө «балага сүйүнчү» жөлөкпулун алышты

Төлөмдөрдүн суммасы 215,6 млн сомду түздү

Жыл башынан бери 60 миң 433 балага жалпы суммасы 215,6 миллион сомдук «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөк пул берилди. Бул тууралуу КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.

Ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөм 4 миң сомду түзөт. Бир убакта үч же андан көп бала төрөлгөндө ар бир балага 50 миң сомдон “балага сүйүнчү” төлөнөт.

Бир жолку төлөмгө кайрылуу үчүн Калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына кайрылуу керек. Бир жолку жөлөкпул алуу жөнүндө арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты айдын ичинде берилүүгө тийиш.

Каражаттар арызыңызды бергенден кийин эки жумушчу күндүн ичинде банк эсебиңизге чегерилет.

Акча каражаттарын РСК Банктын жана Айыл Банктын филиалдарынын кассалары аркылуу арыз берилген күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен ала аласыз.

Арызды толтурууда сиз туура уюлдук телефон номерин көрсөтүшүңүз керек, анткени банк аркылуу байланыш телефондоруна акча которгондон кийин SMS билдирүү жөнөтүлөт.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх