Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүн оңдоону 10 күн мурда бүтүрүү пландалууда
Буга чейин мэрия ал жерде оңдоо иштери 25-июнга чейин созула турганын билдирген
Ахунбаев көчөсүнүн Ч.Айтматов проспектисинен Малдыбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүн 15-июнга чейин бүтүрүү пландалып жатканын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, буга чейин муниципалитеттин башчысы Айбек Жунушалиев жеринде оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышкан.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен подрядчы «ДорСтрой Групп» ЖЧКсы бул участоктогу жумуштарды 15-июнга чейин бүтүрүүгө милдеттенди, бул белгиленген мөөнөттөн 10 күн мурда.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз