Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте мыйзамсыз жүргөн мигранттарга 137 миң сом айып салынды - видео

Чет элдик жарандарды Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын так сактоону суранышат

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте миграциялык линия боюнча чет элдик жарандар арасында ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрүштү.

Рейддер 30-майдан 5-июнга чейин болду. Иш-чаранын негизги максаты - мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана бөгөт коюу, Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын сактоо.

Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө милицияга Бишкек шаарында мыйзамсыз иштеп, жашап жүргөн чет элдик жарандар алынып келинди. КР Кылмыш-жаза кодексинин 431-беренесине (Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн же транзиттик өтүүнүн эрежелерин бузуусу) ылайык 25 административдик протокол түзүлдү. Жалпысынан 137 миң 500 сом айып салынды. Чет элдиктерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ички иштер башкармалыгы борбор калаада жайгашкан чет элдик жарандарды Кыргыз Республикасынын миграция мыйзамдарын так сактоону суранат, антпесе мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылаарын эскертет.

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх