Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Медерова - Жукеева-Пудовкина жол тилкесинде оңдоо иштери аяктады, унааларга жол ачык

Жукеева-Пудовкина көчөлөрүнүн калган тилкелеринде оңдоп-түзөө иштери уланууда

“Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы Медеров жана Жукеев-Пудовкина көчөлөрүнүн кесилишиндеги оңдоо иштерин аяктады.

Компаниянын маалыматы боюнча, 6-июндан тарта жол тилкеси ачык.

«Негизги оңдоп-түзөө иштери Жукеева-Пудовкина көчөлөрүнүн боюндагы Медерова жана Кулатова көчөлөрүнүн ортосундагы аймактарда уланууда. Учурда курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат. Бардык иштерди август айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда», — деп белгилешти « Бишкекжылуулуктармагы » ишканасынан.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх