Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: Ноокаттагы мектепте 3-4 окуучу бир партада отурушат

Мектеп 180 окуучуга ылайыкталган, бирок анда 530 бала билим алат

Ош облусунун Ноокат районундагы Мирмахмуд айыл аймагындагы Абдулла Кадыри Орто мектебинде 3-4 окуучу бир партада отурушат. Бул тууралуу депутат Рустамбек уулу Советбек парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мектеп 180 окуучуга ылайыкталган, бирок учурда 530 бала 3 нөөмөт менен билим алууда.

«Мектеп 1994-жылы ашар жолу менен курулган. Анын тосмосу, ашканасы, актовый залы жок. Дубалдар нымдуулуктан бузулат. Бир партада 3-4 окуучу отурат. Муну мен өзүм көрдүм», - деди депутат.

Депутат ал жерге жаңы мектеп куруу маселесин кароону сунуштады.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх