Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын энергетиктери кесиптик чеберчилик боюнча эл аралык сынакта жеңишке жетишти

Мелдешке алты мамлекет катышты

Кыргызстандын энергетиктери “2024-жылдын эң мыкты бөлүштүрүүчү тармактар командасы” наамы үчүн түрк элдеринин бөлүштүрүүчү тармактарынын электриктеринин командаларынын эл аралык мелдешинде биринчи орунду ээледи.

КР Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, мелдеш 4-июндан 6-июнга чейин Тетюши шаарында (Татарстан) өттү. Аларга Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Татарстан жана Кыргызстандын энергетиктери катышты.

Кыргызстандын энергетикалык компаниялары “2024-жылдын эң мыкты бөлүштүрүү тармагынын командасы” наамын жеңип алышты.

Жыл сайын өтүүчү эл аралык сынактардын максаты - тажрыйба алмашуу, профессионалдык байланыштарды чыңдоо жана бөлүштүрүүчү тармактарга тейлөөнү жакшыртуу.

Белгиленгендей, түрк элдеринин электриктеринин акыркы сынагы былтыр октябрь айында Азербайжанда өткөн.

Сүрөт Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх