Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дүйнөлүк чемпионат-2026га тандоо. Кыргызстан менен Малайзия тең ойношту

D тайпасында тандоонун 2-турундагы беш оюндун жыйынтыгы менен Кыргызстан экинчи орунда

Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандоо раундунун 5-турунун алкагындагы Кыргызстан-Малайзия футболдук беттеши өттү.

Оюндагы эсепти 24-мүнөттө ата мекендик оюнчу Гүлжигит Алыкулов ачты. Бирок 39-мүнөттө кыргызстандыктар кокустан өз дарбазасына гол киргизип, эсеп теңелди.

Беттеш 1:1 эсеби менен аяктады.

 

 

"D" тайпасында тандоонун 2-турундагы беш оюндун жыйынтыгы менен Кыргызстан 10 упай менен 2-орунда:

- Оман - 12 упай
- Кыргызстан - 10
- Малайзия - 7
- Кытай Тайбэй - 0.

11-июнда Кыргызстан курамасы тандоонун экинчи этабынын 6-турунда Оман менен конокто ойнойт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх