Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү эки кесилиш оңдоп-түзөө иштерине жабылды

Унаа ээлери маршруту тууралуу алдын ала ойлонушу керек

Бишкектин Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн эки бөлүгү оңдоо иштерине жабылды.

Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолду капиталдык оңдоо иштеринин алкагында 8-июнда саат 9.00дөн 00.00гө чейин Байтик Баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилиши, 8-9-июнда Ахунбаев жана Токтоналиев көчөлөрү жабылат.

Мэрия унаа ээлеринен маршрутун алдын ала ойлонуп пландоону суранат.

Эске сала кетсек, Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүн оңдоо иштери этап менен жүргүзүлөт.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын эки борбордук көчөсүн оңдоо иштерин бүтүрүүнүн алдын ала мөөнөтүн жарыялаган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх