Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ала-Арчага бараткан жолдо кыздар машинанын люкунан чыгып алышкан. Айдоочуга айып пул салынды (видео)

Бул кылыгы алар үчүн 15 миң сомду түздү

«Ала-Арча» сейил багына бара жатып кыздар бара жаткан машинанын люкунан чыгып алышкан. Видео социалдык тармактарда пайда болгон.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы видео боюнча чара көрүп, эреже бузган адамды табышты.

Hyundai Grandeur унаасынын айдоочусуна 15 миң сом айып салынды. Айып пул Жол эрежесин бузуу кодексинин 189-беренесине ылайык салынды.

Унаа убактылуу кармоочу жайга жөнөтүлдү, деп билдирди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы.

Сүрөт ЖКККБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх