Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте мыйзамсыз иштеген эки медресе жабылды. Анда 40тан ашык бала билим алган

Ал жерде окуу 3 миң сомду түзгөн

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери борбор калаада эки мыйзамсыз медресени аныкташты.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, анда 40тан ашык бала мамлекеттик органдардын тиешелүү уруксат кагаздары жок окутулган;

Аталган фактылар Свердлов РИИБнин электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Жашы жете элек окуучулар ата-энелерине өткөрүлүп берилип, медресенин иши толугу менен токтотулду.

Сүрөт БИИБ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх