Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанга тооктун жумурткасын алып кирүүгө убактылуу тыюу салынды

Тыюу салуу алты айга созулат

Министрлер кабинети Кыргызстандын аймагына тоок жумурткасын алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу “Токтом” маалымат-укуктук порталында маалымдалды.

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ички рыноктун нормалдуу иштеши үчүн азык-түлүк товарларына рыноктук бааны турукташтыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 293 токтому менен бир жылга чейин жаңы тоок жумурткаларын (товар номенклатурасынын 0407, 0408 коду боюнча классификацияланган) алып кирүүгө убактылуу тыюу салынды.
Токтом долбоорунун максаты - өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүккө рыноктук бааны турукташтыруу. Ошондой эле, ички рыноктун иштешин, жазгы-жайкы жана жай-күз мезгилинде ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо болуп эсептелет.

Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, Кыргызстанда жумуртка өндүрүү 90-100%га жеткен. Ал эми жай-күз мезгилинде республиканын чарбаларында жумуртка өндүрүүнүн өсүшү байкалат. Ошол эле учурда бул мезгилде азык-түлүк коопсуздук талаптарына жооп бербеген продукцияны өлкөгө алып келүү коркунучу күчөйт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх