Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Дыйкандар тополоң чыгарып, сүт ташыган айдоочуларды барымтага алууга чакырышкан

Учурда кылмыш иши козголду

Ысык-Көл облусунда WhatsApp аркылуу жергиликтүү фермерлерди массалык баш аламандык уюштурууга чакырып, жолдорду тосуп, сүт ташуучу унаалардын айдоочуларын барымтага алууга чакырган жарандар аныкталды, деп билдирди УКМК.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, О.Ж.А. жана М.Б.А.нын аудиожазууларында массалык баш аламандыктарды уюштурууга чакырыктардын белгиси бар. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

«Белгилей кетсек, сүт өндүрүүчүлөр тарабынан сүттүн баасынын (майлуулугу төмөн) сезондук төмөндөшүнүн фонунда бул адамдар 1000ден ашык катышуучусу бар WhatsApp топторунда аймактагы коомдук тартипти бузган деструктивдүү аракеттерге чакырган аудио билдирүүлөрдү таратышкан» - деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

КР УКМК жарандарды коомдук тартипти бузбоого жана социалдык тармактарда тараган провокацияларга алдырбоого чакырат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх