Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда биринчи жолу боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды

"Донордун боору трансплантациядан кийин дароо иштей баштады"

Кыргызстанда биринчи жолу боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, операция 8-9 саатка созулуп, ага КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган түркиялык жана кыргызстандык адистерден турган топтор киришкен.

 

"Учурда реципиенттин да, донордун да гемодинамикалык көрсөткүчтөрү туруктуу", - деп белгиледи Саламаттыкты сактоо министрлиги.

КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, операция жасаган дарыгерлер тобу жыйынтыкка абдан ыраазы.

"Донордук боор трансплантациядан кийин дароо иштей баштады, бул бейтаптын келечекте сакайып кетиши үчүн жакшы белги", - деди ал.

Операцияга катышкан адистер саламаттыкты сактоо министри менен биргеликте ооруканада нөөмөт иштерин улантып, бейтаптардын абалына көз салып, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүүдө.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Кыргызстанда боорду алмаштыруу операциялары бекер болорун, алар президенттик фонддон каржылана турганын билдирген.

Сүрөт Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх