Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттар “Тынчтык жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырышты. Тартип бузгандарга айып пул салынат

Мыйзам долбоорунда сутканын белгилүү бир убактысында ызы-чуу чыгарууга тыюу салуу сунушталууда

Ага ылайык жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын бузуудан корголуучу объекттер аймактар түзүлөт. Ага көп батирлүү үйлөр, мейманканалар, отелдер, жатаканалар, жеке турак үйлөрдү куруу зоналары, билим берүү мекемелери, саламаттык сактоо уюмдары, социалдык, реабилитациялык, санаториялык-курорттор кирет.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Дастан Бекешев.

Анын айтымында, ага Бишкектен да, башка шаарлардан да жарандар түнкү ызы-чуу боюнча арыз менен кайрылышат.

«Саат 23.00дөн 6.00гө чейин тынчтык болушу керек. Ал эми кээ бир көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаттарында жайгашкан бар-кафелерге келгендер түндө ызы-чуу салышат», - деп белгиледи депутат.

Мыйзам долбоорунда ызы-чууга тыюу салуу сунушталат:

- иш күндөрү саат 22.00дөн 7.00гө чейин;
- дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрү саат 22.00дөн 9.00гө чейин. Өзгөчө учурлар - 31-декабрь жана 1-январь;
- көп кабаттуу үйлөрдө саат 13.00дөн 14.00гө чейин.

Бул мыйзамдын азанга тиешеси жок экени белгиленген.

Унчукпоо мыйзамын бузгандыгы жана ызы-чуу жаатындагы санитардык эрежелерди сактабаганы үчүн жеке жактарга 2000 сом, юридикалык жактарга 10 миң сом айып салуу сунушталууда.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх