Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан биринчи жолу Дүйнө чемпиондугуна тандоонун 3-туруна чыкты

Кыргызстан - Оман беттеши тең чыгуу менен аяктады

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы биринчи жолу дүйнө чемпионатына тандоонун 3-туруна чыкты.

Бир күн мурун 2-этаптын финалдык беттешинде кыргызстандыктар Оман менен конокто ойноп, 1:1 эсебинде ойношкон. Жыйынтыгында “D” тайпасында ата мекендик команда 2-орунду ээлеп, 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоонун 3-баскычына чыкты, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда 2027-жылкы Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө катышуусуна кепилдик алды.

Эске сала кетсек, ар бир тайпадан биринчи экиден орун алган командалар Дүйнө чемпиондугуна тандоонун 3-туруна чыгышат. Алар автоматтык түрдө Азия кубогуна жолдомо алышат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх